Ленин акимиаты МАБ жана шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте райондун жашоочуларын №1- Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө пунктуна жеткирүүнү уюштурууда.
Тургундарды башчынын социалдык иштер боюнча орун басары Айзада Джунусова коштоп, 2 эмдөө пунктун карап чыкты.
Урматтуу Ленин районунун тургундары! Эмдөөдөн өтүү үчүн, МАБга кайрылып, тизмеге кирсеңиздер болот, ал эми акимиат тургундарды эмдөө пункттарына жеткирет.
Ленин районунда эмдөө пунктары төмөнкү даректер боюнча иштейт:
- Фучик көчөсү, № 15/9 дарегинде №1- Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору;
- 3- линия көчөсү, № 25 дарегинде №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору.