Бишкектиктер коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө алууну улантууда.
Эмдөө башталган бери 39932 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 20294 жаран 2-чи эмдөөдөн өттү. 39932 адамдын ичинен 2933 медициналык кызматкерлер, 1211 борбор калаанын мектептеринин мугалимдери, 1952 мамлекеттик кызматкерлер, 65 жаштан ашкан жогору адамдар - 12189, күч структураларынын кызматкердери– 462, жана 19519 калган жарандар, өнөкөт оорулар-1255.
Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
- Биринчи май районунун №14, 16 ҮМБ;
- Свердлов районунун №4, 9 ҮМБ;
- Октябрь районундагы №15, 19 ҮМБ;
- Ленин районунун №12, 17 ҮМБ;
- куруучулар бейтапканасында;
- "Калыс-Ордо" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Учкун", "Бакай-Ата" конуштарындагы медициналык амбулаторияларында,
- "Кара-Жыгач" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Ак-Бата" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Ак-Босого" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- Тунгуч кичирайонундагы медициналык амбулаториясында;
- Темир жол ооруканасынын бейтапканасында.
"Гам-Ковид-Вак" (Sputnik V) вакцинациясы төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
- Биринчи май районунун БҮМБ;
-Октябрь районунун БҮМБ;
-Ленин районунун БҮМБ;
- Свердлов районунун БҮМБ;
- Ленин районунун №2 БҮМБ;
- Биринчи май районунун №7 ҮМБ;
- Свердлов районунун №8 ҮМБ.
Эмдөө тууралуу бардык маселелер боюнча "Эмдөө" тынымсыз линиянын телефон номуру боюнча кайрылсаңыздар болот: 31 32 97.
Эмдөөгө келгендердин жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Электрондук ден-соолук борборунун COVID-19 эмдөөсүнө каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн базасына киргизилет.
Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы сактык чараларын көрүүгө жана жабык жайларда, коомдук транспортто бет кап кийип, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана эмдөө жүргүзүүгө чакырат.