Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.
Күн сайын санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын аймагынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
119-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн, "Электросила" компаниясы жана шаар тургуну Сасыкулов К.га айып пул салынды. Алар үчүн жеке адамдарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айып пул каралган.
Жол курулушун бузгандыгы үчүн “BGB” компаниясы 119-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.
Чектеш аймактагы антисанитардык шарттар үчүн төмөнкүлөргө айып пул салынды: “Партнер Кей Джи” (Фрунзе гипермаркети), Бишкек Мелкомбинаты (Акун) жана жолдош Н.Аламанова. Алардын бардыгы 70-берене боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул төлөшөт.
Орозбеков көчөсү №166 дарегинде жашаган шаар тургуну Дроздова Л. жалбырактарды өрттөп жиберген. Жеринде инспекторлор тарабынан 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 7500 сом өлчөмүндөгү протокол түзүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Жер иштери уруксат кагаздарына ылайык жүргүзүлөт, бузулган жерлер милдеттүү түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш.