Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде каронавирус илдетине каршы иш-чаралар күжүрмөн өткөрүлүүдө.
Мекеме азыр карантинге жабык, анткени мекеменин коноктору илдетти жуктуруп алуу коркунучу бар.
Мекемеде бардык профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү: кире бериште маалымат стенди, дезинфекциялоочу камера орнотулган, турак корпустун 12 жерине антисептиктер коюлган, коомдук жайларды дезинфекциялоо жумасына 2 жолу жүргүзүлөт. Турак жай комплексинин аймагы "Карантин" белгиси менен белгиленип, 4 орундуу изоляция бөлүмү ачылып, 145 тургун жана 46 кызматкер (80%) эмдөөдөн өттү. Графикке ылайык, өздүк курам аралыктан иштөөгө чыгарылды.
Мекеме үчүн керектүү өлчөмдө өпкөнү жасалма желдетүү апараттары, беткаптар, кол каптар, антисептиктер, жеке коргонуу каражаттары, жүрөк кагышын ченөөчү аппараттар жана жылуулук камералары сатылып алынды.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери имаратта дезинфекция иштерин жүргүзүштү.
Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерден бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: беткап тагынып, социалдык аралыкты сактаңыздар, антисептик каражаттарын колдонуңуздар, колуңуздарды тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.
Шаарда инфекциянын симптомдору жок алып жүрүүчүлөрү көп, аны өзүлөрү билбейт жана башкаларга жугат. Жоопкерчиликтүү болуңуздар, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.