Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 6-июлда жакынкы саатта жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал күтүлүүдө,  батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Кырсыктардан алыс болуу жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн Бишкек шаарынын  мэриясы айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы объектилердин жанына токтотпоону сунуштайт.

Урматтуу шаардыктар! Этият болуңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда 1840 жана 1850 номерине байланышыңыз. Бишкек шаардык мэриясынын WhatsApp каналы фото жана видео фактылар үчүн иштеп жатат: 0554182185.