Шаардык медицина кызматкерлери  оорудан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн айрым эрежелерди сактоону сунушташат.

Туура тамактануу,  бардык керектүү компоненттер: белоктор, углеводдор, майлар жана витаминдер камтыган азыктар менен тамактануу керек.

Дарыгерлер  мүмкүн болушунча көп кыймылдоо, сергек жашоо образынын эрежелерин сактоо керектигин, ошондой эле жумушта, үйдө машыгуу зарылдыгын,  көбүрөөк басуу керектигин белгилешет.

Жеке гигиенаны сактоону улантып, бет кап кийип, аны дайыма алмаштырып турууну унутпаңыз. Колдоруңузду тез-тез жууңуз, эгерде колуңузду самын менен жууганга мүмкүнчүлүк болбосо, антисептик менен тазалаңыз.

Оорудан кийин организмди калыбына келтирүү боюнча кеңештерге алкоголдук ичимдиктерди, тамеки заттарын кошпоо жана дары-дармектерди ашыкча колдонуудан баш тартуу кирет. Ошондой эле дем алууга катышкан булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.

Урматтуу шаар тургундары! Сак болуңуздар, бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактаңыздар, ден-соолукка өзгөчө көңүл буруңуздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.