118 колл- борборунун ишине акыркы күндөрү шаардыктардан арыздар келип түшүүдө. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ишеним телефонун иштөөсүн жеке өзү текшерүү жүргүздү.

Операторлор күнү-түнү, нөөмөттө 20 оператордон турган топ иштешет. Жыл башынан бери кызматка 49 030 чалуу келип түштү, 2020-жылга - 124 140 чалуу, алардын 29258сине COVID-19 шектенүү менен анкета толтурулду (2020-жылга - 14 437). 2021-жылдын 4-июлуна карата 1457 чалуу келип түшкөн, анын ичинен 854ү коронавирустук инфекцияга шектенүу менен анкета толтурулуп, 560 чакыруу көчмө бригадага өткөрүлүп берилген.

Колл-борбордун операторлору шаар тургундарына жалган чалуулар менен кайрылбоону суранышат. Кээде шаардыктар мобилдик топту ПЧР тест тапшырыш үчүн чакырууда, бирок тест көрсөтүлгөн учурда гана жүргүзүлөт. Азыр колл-борборго чалуулар көп болуп, дарыгерлер да кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Эскерте кетсек, 118 номерине чалып, шаардыктар айтылган симптомдор боюнча квалификациялуу кеңештерди, COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы боюнча суроолорго ар тараптуу жоопторду ала алышат, ошондой эле аларга эмдөө пункттарынын даректери жана эмдөөлөрдүн медициналык көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери жөнүндө айтып беришет.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан түшүнүү менен мамиле жасап, коронавирус илдети боюнча гана 118ге кайрылууну өтүнөт. Сураныч, өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздарга, жакындарыңыздардын ден-соолугуна кам көрөңүздөр: беткап тагынып, антисептик каражаттарын колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.