Свердлов акимиаты мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Уюштуруучулар коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу, бет кап тагынуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча плакаттарды таркатышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылыңыздар, алар сиздерге сөзсүз кеңеш беришет. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Бет кап тагынууну, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаңызды чыңдоону унутпаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!