Мындай иштер жүргүзүү тапшырмасы жана кошумча резервдерди табуу үчүн борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча жумушчу топ түзүлдү, анын курамына Октябрь районунун финансы баркармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жана МАБдын кызматкерлери бекитилди.
Ошондой эле Октябрь районунун биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновго кыска мөөнөттүн ичинде райондун аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттерге инвентаризация жүргүзүү тапшырмасы берилди.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы алган маалыматтардын негизинде экономикалык субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын даярдайт.