3-июлга карата борбор калаада ковид илдети менен ооруган 907 адам аныкталды.

Анын ичинен шаардык каттосу  бар 776 адам, 131 себептер менен борбор калаага келгендер.

Ковид-19 илдети аныкталган 907 адамдын ичинен 471 адам симптомсуз вирусту ташуучулар экени аныкталды.

35 адам ооруканага жаткырылды.

118 кызматы күчөтүлгөн режимде иштейт, түшкө чейин 13 миңден ашуун чалуулар кабыл алынып, кеңеш берилди.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Бишкекте массалык иш-чараларга тыюу салынгандыгын эскертебиз. Сиздерден бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, социалдык аралыкты сактаңыздар, антисептиктерди колдонуңуздар, колуңарды тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.

Шаарда инфекциянын симптомсуз алып жүрүүчүлөрү көп, ал билинбестен башкаларга жугат. Жоопкерчиликтүү болуп, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.