Жакынкы аралыкта Бишкекте демейдегиден ысык күндөр болот. Борбор Азия, анын ичинде биздин өлкө сугат суусунун кескин тартыштыгын баштан кечирип жаткандыгын эске алуу керек.
Буга байланыштуу, урматтуу шаардыктар, сиздерден мүмкүн болушунча үйүңүздүн жанында өсүп турган бакты, көчөттү, бадалды сугарганга аракет кылууңуздарды суранабыз. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз сүйүктүү борборубузду өнүктүрө алабыз. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз!
Борбор калаанын төрт акимиаты, Бишкек шаарынын мэриясынын бардык кызматтары бардык күч-аракеттерин шаарды жашылдандырууга, сугарууга жумшашты.
Белгилей кетсек, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору А.Сокеев менен суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кийинки жумадан баштап сугат суулары Чүй суусунан суу тартышка чейинкидей агып баштайт.
Урматтуу шаардыктар! Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечки саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлүшү керектигин эскертебиз.