Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ишкерлер делегациясын жетектеп келген Хатай (Турция) шаарынын мэри Лютфу Саваш менен жолукту.
Делегаттардын курамына Соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгынын төрагасы Искендерун Левент Хаккы Йылмаз, Антакянын Уюшкан өнөр жай зонасынын башкармалыгынын төрагасы Таксин Кабаали, Хатай мэринин кеңешчиси жана башка бизнес өкүлдөрү кирген.
Бактыбек Кудайбергенов конокторду жылуу тосуп, эки өлкө боордош эл, бир тууган эл экендигин белгиледи. Ошондой эле Covid-19 биринчи толкуну учурунда көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылыгын билдирип, Түркиядан келген ишкерлерди колдоого даяр экендигин билдирди.
Лютфу Саваш дагы жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мэрди өзүнүн делегациясы менен бирге Хатай шаарына барууга чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында түрк тарап, айрыкча инфраструктура тармагына даяр долбоорлорго инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.