Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Свердлов жана Октябрь райондорундагы эмдөө борборлорун уюштуруу жайларын карап чыкты.

Бул пункттар "Космопарк", "Таш-Рабат", "Детский Мир", "Чынар" соода борборлорунда жана "Семетей" мектеп-гимназиясында жайгаштырылат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эмдөө пункттарында келүүчүлөр үчүн бардык шарттар болушу керектиги белгиленип, ал дагы жумушту уюштуруу боюнча өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын айтты.

Белгилей кетсек, борбордо иштеп жаткан борборлордон тышкары дагы 9 эмдөө борборун ачуу пландаштырылууда, анын үчөө Октябрь районунда жана Биринчи май, Свердлов жана Ленин райондорунда  2ден  пункттан болот.

Мындан тышкары, Мозгачева №2 орто мектебинде уюштурулган "118" ишеним колл-борборунун иштөө шарттары менен таанышты.

Вице-мэр операторлор үчүн ашкана уюштурууну тапшырды.

"118" ишеним колл-борборунда операторлор 3 нөөмөттө иштешет: саат 08:00дөн 15:00гө чейин, 15:00дөн 22:00гө чейин, 22:00дөн 08:00гө чейин. Күндүзгү нөөмөттө 20, түнкү нөөмөттө 10 оператор иштейт.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден керектүү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону суранабыз: бет кап кийип, аралыкты сактаңыздар, колуңузду тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип туруу абзел! Өзүңүзгө жана ден соолугуңузга кам көрүңүздөр!