Биринчи май районунда аким  Максат Нусувалиевдин төрагалыгы астында короновирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча райондук штабдын кезектеги отуруму өттү

Райондук штабга муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, мекемелердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Санитардык экологиялык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Үй –бүлөлүк медицина борборунун жана Бишкек шаарынын ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү катышты.

Учурдагы абал каралып, короновирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу жана вакцинацияны жүргүзүү боюнча чаралар кабыл алынды. Аким муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларына, мекемелердин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине, анын ичинен шаардык, райондук кызматтарга жана саламаттык сактоо уюмдарына калк арасында короновирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу жана вакцинацияны жүргүзүү боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле, короновирустук инфекция менен күрөшүүгө конкреттүү жана так сунуштарды берүүнү тапшырды.

Кымбаттуу шаардыктар жана меймандар! Бишкек шаарында массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Биз сиздерден санитардык ченемдерди жана талаптарды сактоону: беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды колдонуу, улам сайын колду жууну жана имараттын ичин желдетип  турууну өтүнөбүз.

Шаарда ооруунун белгиси жок, инфекцияны алып жүрүүчүлөр көп. Алар башкага жугузуп жаткандарын өздөрү билишпейт. Жоопкерчиликтүү болуңуздар, жакындарыңыздарды жана өзүңүздөрдү сактаңыздар!