“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын бригадалары күнү-түнү иштешет.
Бир күндө кызмат канализациялык кудуктарды жана коллекторлорду тазалап, ар кандай диаметрдеги түтүктөрдөгү аварияларды жоюп, көчө колонкаларын оңдоп жана башка көптөгөн иштерди жүргүзүштү.
Пархоменко, М.Джалил, Каширская, Западная, Целиноградская, Жибек Жолу, Родникова, Медеров, Матросов, Ахунбаев, Бектенов, айланма, Белорусская, Скрябин көчөлөрүндөгү түтүктөрдү жууп-тазалашты.
Кызматкерлер тарабынан Түлебердиев-Можайский, Манас-Васильев көчөрөрүнүн кесилишиндеги, Астраханская №33, Ветеринария №26, Учкун кичи районундагы кырсыктар жоюлду. Ал эми Токмак көчөсүнүндө топуракты ныктап, брусчатка төшөө иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Ч.Айтматов №45, 48, 53, 80, Бөкөнбаев №195 даректердеги тоскоолдуктар дагы жөнгө салынды. Мичурин көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги суу түтүгүн эски линиядан жаңысына которуу иштери жүргүзүлдү.
Жал 23 кичи районунда жана Карагайская №47 тилкесинде жылчыктар бекитилди.
Ишкананын негизги милдети - борбор калааны суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ишин жөнгө салуу.
Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыз кылууга байланышкан кайрылууларды 1533 номерине калтырсаңыздар болот.