"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда тышкы жарык тармактарын курууну улантууда.
Көп жылдан бери жарык жок болгон көчөлөргө жана аллеяларга чырактарды орнотууга өзгөчө көңүл бурабыз.
Азыр №5 кичи районунун №3 үйүнүн, №11 кичирайонун № 11/1, № 17, № 18 жана № 6 кичи районун № 7, № 8, № 9 үйлөрүнүн короолорунун ичи жарыктандырылды. Ал жерге 58 чырак жана 58 темир түркүктөр орнотулуп, 1 миң 450 метр электр линиялары тартылды.
Аламүдүн 1 кичи районундагы №1 мектептин окуучуларынын коопсуздугу үчүн биздин адистер мектептин айланасын тосушту. Узундугу 300 метр болгон темир тосмо ишкананын цехинде жасалып, орнотулду.
Урматтуу борбор калаанын тургундары! Эгерде жарыктандырууга байланыштуу суроолоруңуздар болсо, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet