Свердлов райондук акимиатынын жыйындар залында Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбековдун, аким Бахтияр Карамшаковдун, шаардык жана райондук кызматтардын башчыларынын катышуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Күн тартибинде соода жана башка ишкердик субъекттерине санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чараларды уюштуруу, коомдук жайларда бет кап кийүү, аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгын түшүндүрүү талкууланды.
Штабдын жыйынында коомдук транспорттогу рейддик иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.