Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков шаардыктарды жеке кабыл алды.
Жеке кабыл алууда районду көрктөндүрүү, канализация, ошондой эле гүл бакча куруу маселелери каралды.
Шаардыктардан келип түшкөн бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү кызматтардын башчыларына жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.
Эскерте кетсек, акимдин жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 15:30дан 17:30га чейин өткөрүлөт. Жеке кабыл алууга (0312) 36-01-93 номери аркылуу жазылууга болот.