Эпидемиологиялык кырдаалга, ооруну жуктургандардын көбөйүшүнө байланыштуу, санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлдү.
Санитардык-экологиялык инспекциянын тобу күндүз бардык супермаркеттерди, гипермаркеттерди жана соода борборлорун кыдырып, түнкүсүн кафе-ресторандарга көзөмөлдү күчөттү.
Бет кап режимин сактабагандыгы, кире бериште дезинфекциялоочу килемдердин, антисептикалык каражаттардын, кызматкерлердин саламаттыгы боюнча китептин жоктугу үчүн айрым мекемелерге айып пул салынды.
"Арпа", "Кавказский дворик", "Вкус Востока", "Арсан", "Империя Пицца", «Beef burgers» кафелерине жана "Асман" жана "Насип" ресторандарына үч миң сомдон айып пул салынды.
"Brand Mix" (Азия Молл соода борбору), "Skill" (Бишкек парк соода борбору), "Greyder" (Бишкек парк соода борбору), гипермаркет "Фрунзе" (Бишкек парк соода борбору), "Бимар" супермаркети, "Fix Price" дүкөнү саниардк-эпидемиологиялык талаптарды бузушкан.
Ошондой эле, "Бузуулар жөнүндө" Кодекстин 293-беренеси боюнча Москва көчөсү №194 жана Абдрахманов көчөсү №105 даректеринде жайгашкан "Народный" СБ компаниясынын эки филиалына, Ч.Айтматов көчөлөрүндөгү №61 жана М.Горький №1 / 2б даректеринде жайгашкан «Партнер Кей Джи» компаниясынын филиалына 13 миң сомдон айып салынды.
Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын коноктору, ишкерлер! Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруу зарыл.
Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуулу байланышта: 0 705 56475.