Октябрь районунун жаштар канаты жана аким Данияр Арпачиев "Бет кап тагынып - өмүрлөрдү сакта!"  акциясын өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты - шаардын эпидемиологиялык абалынын курчушуна байланыштуу шаардыктардын көңүлүн  санитардык-эпидемиологиялык талаптарга буруу.

Октябрь районунун акими жана райондун жаштары борбор калаанын аялдамаларында  жүргүнчүлөрдү  коомдук транспортто бара жатканда бет кап  режимин жана башка сактык чараларын сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө  чакырышты.

Акцияга спортчулар, медицина кызматкерлери, Балдар чыгармачыл борборунун кызматкерлери, эстрада жылдыздары катышып, коомдук транспортто жана эл көп чогулган жерлерде, коомдук жайларда, соода борборлорунда эрежелерди жана коопсуздук чараларын сактоону өтүнүштү.