Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын беш көчөсүндө оңдоо иштери аяктады.
1-июлдан тартып Огонбаев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн ачык.
Ошондой эле, "Ак-Ордо" жаңы конушундагы Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин жана Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин оңдолуп ачылды, мындан тышкары "Ак-Тилек" жаңы конушундагы Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дзержинский көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн ачык.
Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 чакырымды, тротуарлардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин түзөт.
Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70,87 км болгон 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат.