Бишкекте самбо боюнча СССРдин эл аралык класстагы спорттун чебери Виктор Васильевич Тихоновду эскерүүгө арналган Бишкек шаарынын жыл сайын өткөрүлгөн биринчилик башталды. Биринчилик 2005-2010-жылы төрөлгөн балдар арасында өтөт.
Мелдешти Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Болотбек Купешев, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев жана СССРдин Эл аралык класстагы спорт чебери Алихан Божев ачышты. Мелдештин ардактуу коноктору катышуучуларга жылуу сөздөрүн айтышып, легендарлуу самбистибиз Виктор Васильевичти эскеришти жана катышуучуларга чың ден соолук, ийгилик жана
жогорку спорттук жыйынтыктарга жетишүүнү каалашты.
Виктор Тихонов - самбо боюнча Дүйнөлүк Кубоктун үч алтын медалынын ээси, Дүйнө чемпиондугунун алты жолку, СССРдин Чемпионаттарынын он жолку медалынын ээси.
Чемпионаттын жыйынтыгы менен 2009-2010-жылы туулган самбо күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды:
- Токтосунов Нурел (Рахатбеков атындагы спорт комплекси (24 кг);
- Асимканов Атай (Рахатбеков спорт комплекси (29 кг);
- Токтосунов Нурел (Рахатбеков спорт комплекси (26 кг);
- Тангумин Умар (Александровка спорт комплекси (32 кг));
- Капаров Талгат (Рахатбеков спорт комплекси (35 кг));
- Маданбеков Байэл (Рахатбеков спорт комплекси (38 кг));
- Борончуев Муса (Александровка спорт комплекси (42 кг));
- Евгений Горизанов (КНУ спорт комплекси (46 кг));
- Манченко Артур (Ленин районунун спорт мектеби (46 кг).
2005-2006-жылы туулган спортчулар арасындагы чемпиондор:
- Алиев Ахмед (Заря спорт комплекси(50 кг));
- Май Муслим (Александровка спорт комплекси (55 кг));
- Мусаев Арли (Александровка спорт комплекси (60 кг));
- Чыныбеков Казыбек (Заря спорт комплекси (66 кг));
- Абдураимов Нурсултан (Баатыр спорт комплекси (72 кг));
- Үмөталиев Аман (Фемили-спорт спорт комплекси (78 кг)).
2007-2008-жылы туулган спортчулар арасында:
- Олжобай кызы Акмарал (Динамо спорт комплекси (45 кг));
- Үсөн кызы Акака (КНУ спорт комплекси (52 кг)).
- Жолболдуев Султан (Рахатбеков спорт комплекси (38 кг));
- Жумалиев Нурел (Рахатбеков спорт комплекси (42 кг));
- Нуркулов Марлен (Рахатбеков спорт комплекси (46 кг));
- Абдыкалыков Умар (Рахатбеков спорт комплекси (50 кг));
- Болотбеков Саид (А-2 спорт комплекси (54 кг));
- Таалайбеков Улан (Баатыр спорт комплекси (59 кг)).
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурду.