Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө жугуштуу ооруларды жана Свердлов районунун калкынын арасында  ВИЧ-СПИД жана кургак учук ооруларын  алдын алуу, ошондой эле, 2015-жылдын 10 айынын ичинде кутурма оорусун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар талкууланды.


Жыйынтыгында калк арасында жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.


Аталган жыйынга МАБдардын социалдык кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун орун басарлары, РИИБ, СӨБнын өкүлдөрү катышты.