Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен дайым байланышта.
Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу шаардыктарды жеке кабыл алды.
Алдын ала жазылуу менен 12 шаар тургуну катышты, негизинен кайрылуулар жер тилкелерин ижарага берүү, мыйзамдаштыруу жана ар кандай объектилердин куруусуна байланыштуу болду.
Жаран М.Баялиев Ч.Айтматов көчөсү №4 дарегиндеги тротуар жана мыйзамсыз жайгашкан павильондорду демонтаждоо маселеси боюнча кайрылды. Ошондой эле шаар тургуну Осомбаев Ж. «Энесай» жаңы конушунун батыш бөлүгүнө эс алуу жайын куруу боюнча кайрылды.
Шаардыктардын бардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана арыздарын угуп, вице-мэр тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына шаардыктардын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде тез арада карап чыгууну тапшырды.
Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу 61-07-33 телефону аркылуу байланышта.
Суроолоруңузду же арыздарыңызды 1840, 1850 кыска номерине чалып калтыра аласыздар, ал эми сүрөт, видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр (0554) 182 185.
Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат.