Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов аймактагы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты.
“Ала-Тоо” жаңы конушунда жайгашкан №82- башталгыч мектебинде энергияны үнөмдөө боюнча АРИС долбоорунун алкагында жүрүп жаткан капиталдык ремонтту текшерди. Жетекчи ишти нормаларга жана талаптарга ылайык жүргүзүү керектигин белгиледи.
№8 бала бакчанын имаратына текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Турак жай коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт бөлүмүнө мекеменин эски 2 кабаттуу имаратын авариялык абалда деп табуу үчүн жер титирөөгө туруктуу институтунун техникалык корутундусунун материалдарын изилдеп, тиешелүү документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.