Борбор калаанын мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.

Узундугу 4,8 км болгон канализация тармагы “Арча-Бешик” жаңы конушунда  курула баштады.

Канализация 2000ге жакын адам жашаган, 470ке жакын үйдү камтыйт.

Азыр жумуш Чортеков, Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүндө жүрүп жатат.

Канализацияны салууда диаметри 150 жана 300 мм болгон ичинде басым жок болгон асбест-цемент түтүктөрү колдонулат.

Тендерди "Dream Stroy" курулуш компаниясы жеңип алган. Жумуш план боюнча, 2022-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүлүүсү шарт.

Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 12 827 541 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.