Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы борбордугу билим берүү мекемелерин жаны окуу жылына даярдоону улантууда.
№44- орто мектебинин чатырын, биринчи кабатынынын жана китепканасынын полун оңдоо иштери жүрүп жатат. Демонтаждоо жана чатырын жабуу иштери толугу менен аяктады.
№47- орто мектебинин тамактануу бөлүмү толугу менен оңдолот. Жумуш бардык инженердик коммуникациялардын жаңылануусун эске алуу менен жүргүзүлөт.
№131- мектепке чейинки билим берүү мекемесинде полдорду капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кир жуучу жайдын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Азыркы тапта полдору алынып, кир жуучу бөлмөгө кафель төшөө иштери жүрүп жатат.
2021-жылдагы титулдук тизмеге ылайык, 56 билим берүү мекемеси оңдолууга тийиш, аны ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалууда.