Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бир миң контейнер жана 200 контейнерлер орнотулган аянттар жуулду. Ошондой эле тазалоо менен катар таштанды челектери оңдолуп, талкаланган, уурдалган дөңгөлөктөр алмаштырылууда. 323 дөңгөлөк калыбына келтирилди.

Жууп тазалоо  жана оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жалпысынан жумушка 6 бирдик атайын техника жана 30га жакын жумушчу тартылды.

Жакынкы күндөрү ишкананын кызматкерлери контейнерлерди жана контейнер аянтчаларын сырдоону башташат.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылып, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз.