Мелдешти Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев ачышты.

Мелдеш спорттун төрт түрү боюнча өттү: кичи футбол, дартс, волейбол, стол тенниси.

Мелдеш Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын кызматкерлери, райондук билим берүү борборунун, бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары арасында өттү.

Волейбол боюнча жети команда оюн көрсөтүп:
- 1-орунду Биринчи май акимиатынын командасы алды;
- 2- орунду №15-МАБтын командасы ээледи;
- 3- орунду Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун командасы ээледи.

Стол тенниси боюнча алты команда катышып:
- 1-орунду №13-МАБтын командасы ээледи;
- 2- орунду №15-МАБтын  командасы ээледи;
- 3- орунду Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун командасы ээледи.

Кичи футбол боюнча алты команда катышып:
- 1-орунду Биринчи май акимиатынын командасы алды;
- 2- орунду Райондун билим берүү борборунун командасы ээледи,
- 3- орунду №14-МАБтын командасы ээледи.

Дартс оюндарына 7 команда катышты:
- 1-орунду №14-МАБтын командасы ээледи;
- 2- орунду №15- МАБтын командасы ээледи;
- 3- орунду №13- МАБтын командасы ээледи.

Командалык эсепте:
- 1- орунду Биринчи май акимиатынын командасы ээледи.
- 2- орунду №15-МАБтын командасы ээледи;
- 3-орунду Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун командасы ээледи.