Бишкекте Спутник V вакцинасын алууну каалагандар үчүн дагы эки пункт ачылды.
Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 64 45 57; 0505 111 330;
- Свердлов районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 63 51 22; 0505 286 670.
- Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 57 09 15; 0703 293 793;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 32 55 71; 0550 701 002;
- Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору - 21 03 08; 0553 116 364;
- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №7- ҮМБ, - 62 09 62;
- Свердлов районун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №8- ҮМБ - 43 39 03; 0551 117 744.
Эске сала кетсек, Спутник V вакцинасын 60 жаштан жогорку адамдар, өнөкөт оорулары бар адамдар үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу менен ала алышат.
" Sinopfharm" вакцинасынын экинчи дозасы менен эмдөө №4,9,14,15,16,17,19- ҮМБда, Студенттердин шаардык поликлиникасында, Темир жол ооруканасынын поликлиникасында дагы уланууда.
24-июнга карата 27 миң 190 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен экинчи дозасы - 19 миң 514. Вакцинацияланган жалпы санынын ичинен 2932 медициналык кызматкерлер, Бишкек шаарындагы 972 мектеп мугалимдери, 1234 мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо органдарынын 411 кызматкерлери, 65 жаштан жогору 8981 адам, 11699 - башка категориядагы жарандар, 849 өнөкөт оорулары бар адамдар.
Гам-Ковид-Вактын (Sputnik V) 25000 дозасынын ичинен 5336 адам биринчи дозасы менен эмдөөдөн өткөн.
Эске салсак, эмдөөдөн өтүү үчүн адамдын паспорту болууга тийиш, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин СЭЗдеги COVID-19га каршы эмделгендердин базасына киргизилет.
Урматтуу шаардыктар! Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча "Эмдөө" ишеним телефонуна: 31 32 97, 0500 303 343 жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө: 0500 303 343, 54 65 21, 54 61 04 кайрылсаңыздар болот.
Сураныч, ден-соолугуңузга кам көрүп, бет кап тагынып, антисептик каражаттарын колдонуп, колуңузду тез-тез жууп турууңуздар.