№29- мектеп-гимназиясында Биринчи май районунун мектеп окуучулары үчүн олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Жеңүүчүлөр Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле, балдарды окутуунун жогорку сапаты үчүн №6, 24, 29, 61, 69- мектептер сыйлыктарга ээ болушту.
Райондук мектеп окуучуларынын олимпиадасы жалпы билим берүүчү 11 сабак боюнча өткөрүлдү. Жалпысынан 10-11-класстын 403 окуучусу катышты.
Жыйынтыгында 47 жеңүүчү аныкталды, анын ичинен: 1-орун - 13 окуучу, 2-орун - 16 окуучу жана 3-орун - 18 окуучу.
Райондук олимпиадаларда түзүлгөн Биринчи май районунун мектептеринин командалары жыл сайын шаардык олимпиадада эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшөт.
2020-2021-окуу жылында биздин мектептердин окуучулары шаардык олимпиадада 28 байге жана 2020-жылы өткөн V Эл аралык мегаполистер олимпиадасында 4 байгелүү орундарды ээлешти, бул Биринчи май районунун билим берүү уюмдарынын рейтингин борбор калаада, республикада жогорулатты.