2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоого байланыштуу райондордо штабдардын кезектеги отурумдары болуп өттү.
Свердлов районунда отурум вице-мэр Русланбек Акылбеков жана жетекчи Бахтияр Карамшаковдун төрагалыгы астында өттү жолугушууга шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Биринчи май районунда шаардык кызматтардын катышуусунда штабды Максат Нусувалиев жетектеди.
Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана шаардын участкалык шайлоо комиссияларында шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу маселелерин чечүүдө, материалдык-техникалык камсыздоону жана уюштурууга жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана ар бир шайлоо участкасында жарандардын коопсуздугу, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер талкууланды.
Райондун участкалык шайлоо комиссияларына бекитилген шаардык кызматтарга бардык участкалык шайлоо комиссияларын компьютерлер, принтерлер, байланыш жабдуулары, генераторлор жана башка керектүү шаймандар менен өз убагында камсыз кылуу жана участкалык шайлоо комиссиясына ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.