Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов райондун айрым мектептери менен таанышты.
Жетекчи эки тилдеги коррекциялык класстардын катышуусу менен №31 мектеп-гимназиясына барды. №59- мектептин капиталдык ремонту жана кошумча курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Аким орун басарына мектептин эки корпусун туташтыруу үчүн өткөөл галереяны кошумча куруу маселесин көзөмөлгө алууну жана мекемелерди жаңы окуу жылына даярдоону өз убагында жана тийиштүү нормалар менен талаптарга ылайык жүргүзүүнү тапшырды.