23-июнда Бишкекте коронавирустук инфекция менен ооруган учурлардын жалпы санынын ичинен 70 адам башка шаардан келгендер экени аныкталды, бирок алар ар кандай себептер менен борбор калаада болушкан.
Жалпысынан, Бишкек шаарында жаңы катталган учурлардын саны 360, шаар каттоосу менен 290: Ленин району - 135, Биринчи май району - 53, Октябрь району - 54, Свердлов - 48. Өлүмгө дуушар болгондор - 4, айыгып кеткендердин саны 200 адам .
Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерден ден-соолугуңузга кам көрүп, бет кап тагынып, антисептик каражаттарын колдонуп, колуңузду тез-тез жууп турууңузду өтүнөбүз.