25-27-июнь аралыгында "Динамо" спорт комплексинде (Водопровод көчөсү №4) Бишкек шаарынын джиу-джитсу боюнча ачык чемпионаты өтөт.

Иш-чаранын ачылышы 26-июнда саат 14: 00дө болот.

Уюштуруучулар - Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Джиу-Джитсу федерациясы.

Мелдешке бардык курактагы өспүрүмдөр, аялдар жана эркектер катыша алышат.

Джиу-джитсу боюнча чемпионат спорттун ушул түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти өркүндөтүү жана өлкөдөгү күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүп жатат.

Иш-чара бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.

Урматтуу журналисттер! Эгерде сиздер иш-чарага кызыкдар болсоңуздар, анда бардык керектүү маалыматтарды алуу үчүн: 0703047917 номерине чалыңыздар