Олимпиадалык резервдеги балдар жана жаштар үчүн күрөш боюнча адистештирилген мектебинин тарбиялануучусу Владимир Золоев Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Оюндарга жолдомону спортчу Азиядагы континенталдык квота боюнча алды.
Владимир Золоев Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү, ошондой эле 81 кг салмакта Азиянын учурдагы чемпиону. Владимир Золоевдин жетишкендиктерине Бишкек шаарында өткөн Азия жана Океан чемпионаттары, Жакартадагы Азия оюндарында үчүнчү орун (Индонезия), Азия чемпионатында үчүнчү орун, Ташкент шаарында Гран-При (2018), Алматы шаарында Гран-При (2016), Ачык Европа Кубогу (Минск).
Лицензиялар дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы боюнча ар кандай эл аралык турнирлердеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгынын негизинде берилди.
Бул лицензия Кыргызстан үчүн 15-болду.