2021-жылдын 16-июнунан 25-июнуна чейин Дубайда (БАЭ) ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында пауэрлифтинг боюнча 11-Дүйнөлүк Кубок өтүүдө, ага Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектептеринин окуучулары теннис, паралимпиада жана күч спорту боюнча катышат.
Спортчулардын машыктыруучусу - Джабраилов А.З.
Чоңдор арасындагы жыйынтык төмөнкүчө: Максат Аргымбаев менен Миргүл Болоталиева учурда 7-орунда. Алар керектүү рейтингдик упайларды топтошту. Мелдештин жыйынтыгы боюнча Токио шаарында (Япония) өтүүчү 2021-Паралимпиадалык оюндарына лицензияларды бөлүштүрүү үчүн акыркы үч жылдын рейтингдик упайлардын толук эсеби чыгарылат.
Өспүрүмдөр арасында биринчи орундарды Довранов Азизбек (59 кг чейин), Руслан уулу Темирлан (49 кг чейин) жана Замирбек уулу Азизбек (54 кг чейин) алышты.
Үч спортчу тең 2021-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейин Бахрейн Падышачылыгында өтө турган жаштардын IV ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар арасында өтүүчү Азия оюндарына катышууга лицензия утуп алышты.