Ушул жылдын март айынан бери “Дельфин” бассейнине таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, аутизм, церебралдык шал оорусу, Даун синдрому жана башка ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келе баштады.
Аларды ар дайым "Ден-соолукка бирге" коомдук фондунун өкүлдөрү коштоп жүрөт. Баруу убактысы ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 12: 00дөн 14: 00гө чейин.
Акция жыл башында “Ден-соолукка бирге” фонду менен муниципалитеттин Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында өткөрүлүүдө.
Меморандум ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун жана спортту өнүктүрүү жаатында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана балдардын, өспүрүмдөрдүн атайын категориясын системалуу дене тарбия жана спорттун ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Паралимпиадага тартуу боюнча ишти уюштуруу максатында кызматташууга багытталган.