“Арча-Бешик” жаңы конушундагы №79- орто мектептин залында район башчысы Мурат Осмонов Бишкек шаарынын №4 муниципалдык аймактык администрациясынын кварталдык комитеттеринин төрагалары менен таанышуу жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө №4 МАБтын жергиликтүү жамааты жолдорду куруу, жарыктандыруу, инженердик жана ирригациялык тармактарды орнотуу, үйлөрдү газдаштыруу жана көгүлтүр отунга байланыштуу тарифтер боюнча маселелерди көтөрүштү.
Кварталдык комитеттерден жана МАБтын активинен келип түшкөн бардык кайрылуулар боюнча жетекчи тиешелүү кызматтарга белгиленген тартипте карап чыгууну тапшырды.