Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү.
Коомдук транспорттордун санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга шайкештигин текшерүүчү мобилдик топтор борбор калаанын транспорттук секторунун коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мындан аркы ишин талкуулашты. Атап айтканда, коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү боюнча иштер каралды.
Бет кап режимин сактоо боюнча санитардык рейддерди автобустардын, троллейбустардын жана жеке маршруттук таксилердин айдоочулары менен профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жана автоунааларда дезинфекциялык иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.
2021-жылдын 23-июнуна карата линияга 1108 коомдук жүргүнчү ташуучу унаалар чыкты. Анын ичинен Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 83 автобусу, 125 троллейбус, 850 кичиавтобус жана «Эко Жүргүнчүлөрдү Ташуу» ЖЧКнын 50 автобусу каттап жатат.
Урматтуу шаардыктар! Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону, беткап кийип, антисептик каражаттарын колдонууну суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!