Свердлов районунда Бишкек шаарынын кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоого байланыштуу райондук штабдын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жолугушууну вице-мэр Русланбек Акылбеков жана жетекчи Бахтияр Карамшаков алып барышты, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу маселелерин чечүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын жана шаардын участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу бөлүгүнө жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө аппарат жетекчиси Акматбек Кожомкулов жана шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башчыларынан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана ар бир шайлоо участкасында жарандардын коопсуздугу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, жарандардын маалыматтары, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер боюнча маалымат угулду.
Райондун участкалык шайлоо комиссияларына бекитилген шаардык кызматтарга бардык участкалык шайлоо комиссияларын компьютерлер, принтерлер, байланыш жабдуулары, генераторлор жана башка керектүү шаймандар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясына ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, ар кандай маселелерди чечүү тапшырылды.