Маалымат каражаттарында Бишкектеги бак-дарактарга белгисиз эритмени чачып жатканын кабарлашты.

Шаардыктар бул дарынын айынан адамдар ооруп калышы мүмкүн деп коркууда.

Бул маселе боюнча, видеодо "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын атайын унаасы көрсөтүлгөн, анда зыянкеч курт-кумурскаларга каршы дары-дармек - инсектицид 10 литр сууга 10 грамм зат өлчөмүндө салынгандыгы жөнүндө кабарлайбыз.

Аралашма адам денеси үчүн толугу менен коопсуз, ден-соолукка эч кандай зыяны жок.

Чачыратуу процедурасы түнкүсүн жүргүзүлөт, анткени күндүн активдүүлүгү минималдуу жана дарактардын жалбырактарына күйүп калуу коркунучу жок.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Паникага жана чагымчылдыкка алдырбооңузду суранабыз. Расмий булактардан алынган бардык маалыматтарды текшериңиздер.