Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жаңы автобустардын каттам схемаларын иштеп чыкты.
Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япониялык ISUZU брендинин жаңы автобустары төмөнкү схемалар боюнча жүрөт:
- №10- каттам: "Ак-Ордо” жаңы конушу - Ахунбаев - 7-апрель - Чүй - Киев - Ч. Айтматов;
- № 11- каттам: "Чоң-Арык” - Ахунбаев - Айтматов - Киев - Т. Молдо - Чүй - 7-апрель”;
- №12- каттам: "Маевка айылы - Махатма Ганди - Боталиева- Абдрахманов - Сүйөркулов - Юнусалиев - Сухэ-Батор - Каралаев - Токомбаев - Көк-Жар";
- № 13- каттам: "Муромский көчөсү - Чортеков - Гагарин - Кулиев - Москва - 7 апрель - Анкара – “Кырман” жаңы конушу";
- №14- каттам: "№12- кичи район - Юнусалиев - Сүйөркулов - Ахунбаев - Манас - Чүй - Кулиев - Л. Толстой - Репин – “Ак-Ордо” конушу"
22-июнда каттам линиясына 50 жаңы автобус чыкты. Автобустардын узундугу 6,9 метр, эки эшиги бар, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу - 38 адам, 16 орундуу.
Ата мекендик "Эко Жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы билдиргендей, аталган автобустар жуманын ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул акция шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн белек.
Эске салсак, 2021-жылы “Самарканд автомобиль заводу” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен япониялык ISUZU брендинин экологиялык таза автобустарын жеткирүү маселеси иштелип чыккан. 2021-жылдын 11-майында Шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКнын ортосунда 2021 - 2023-жылдарга 1000 автобус жеткирүү (аутсорсинг) боюнча меморандумга кол коюлган.
"Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын директорунун айтымында, Бишкек шаарынын мэриясынын талабы боюнча, аталган 50 автобус коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын азайтуу максатында пайдаланууга берилген, бул өз кезегинде коронавирустук инфекция (COVID-19) жайылышына каршы күрөшүүгө жардам берет.
Бул автобустар тез арада ишке киргизилгендиктен дизелдик күйүүчү май менен иштейт, калган автобустар жеткирилгенден кийин газ менен иштеген автобустарга алмаштырылат.
Белгилей кетсек, газ менен жүрүүчү автобустардын биринчи партиясы борбор калаага 2021-жылдын 1-июлуна чейин келет, калган автобустарды ушул жылдын октябрь айына чейин жеткирүү пландаштырылууда. Жалпысынан 350 газ менен жүрүүчү автобус.