Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүүдө.
Бир жума ичинде 300 ишкердиктин субъектилерин кыдырып, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди бузгандарды аныкташты.
Автоунаа жолдорунун техникалык тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн, 119-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, "Импер Строй" (Тыныстанов көчөсү №77), "Акаана" (Панфилов көчөсү,№81) жана Жал кичи районунда жашаган шаар тургуну Э.Жакыпов жоопко тартылды.
Бул берене боюнча жеке жактар үчүн 7500 сом, юридикалык жактар үчүн 23000 сом айып пул салынат.
Оңдоо иштеринин натыйжасында бузулган жолду калыбына келтирбегендиги үчүн "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын “Инженердик-техникалык борборунун” филиалына (Фучик көчөсү, №19) 119-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 23 миң сомго айып пул салынды.
Таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге ыргытканы жана чектеш аймагы антисанитардык абалда болгондугу үчүн төмөнкү компанияларга айып салынды:“Стиль Монтаж”, ПЗМ “Арго”, “Орто Жал”, “Дас-Мед” дүкөнүнүн ээси.
Мыйзамды бузгандарга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып акча салынат.
71-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, №185- балдар бакчасына тиричилик таштандыларын өрттөгөндүгү үчүн, тиричилик таштандыларын ыргытканы үчүн "Aqua Servise" унаа жуучу жайына айып пул салынды. Бул категория 5500дөн 17 миң сомго чейин айып төлөөгө алып келет.
"Дордой" жаңы конушунда жашаган Асланова Р.га 7500 сом өлчөмүндө өндүрүштүк таштандыларды ыргытканы үчүн 71-берененин 2-бөлүгү боюнча айып пул салынды.
Урматтуу шаардыктар! Кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн жанында тазалыкты сактоону суранабыз. Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча, санитардык-экологиялык инспекцияга кайрылыңыздар: 0705564756.