22-июнда Бишкекте коронавирустук инфекция менен ооруган учурлардын жалпы санынын ичинен 50 адам башка шаардан келгендер экени аныкталды, бирок алар ар кандай себептер менен борбор калаада болушкан.

Жалпысынан Бишкек шаарында жаңы катталган учурлардын саны 435 учурду түздү. Анын ичинен шаардык каттоосу менен 385: Ленин району - 152, Биринчи май району - 72, Октябрь району - 94, Свердловский - 67. Өлүмгө дуушар болгон учурлар - 5, айыгып кеткендердин саны - 232 адам.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерден ден-соолугуңузга кам көрүп, бет кап тагынып, антисептик каражаттарын колдонуп, колуңузду тез-тез жууп турууңуздарды өтүнөбүз.