Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов Жогорку Жал кичи району №45 дареги боюнча №95 мектебиндеги күндүзгү стационардын даярдыгын жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Учурда оорукана 10 кислороддук концентратор жана 10 жүрөк согушун ченөөчү оксиметр менен жабдылган.

Дарыкана ишканасын оорукананын имаратына жайгаштыруу үчүн фармацевтикалык компаниялар менен келишимдин долбоору даярдалууда. Жакында электр кабелин тартуу жана электр тармагына туташуу түйүндөрүн уюштуруу иштери аяктайт.

Бардык кирүүчү жолдор, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн кире бериш жана чыгуу талап кылынган стандарттарга шайкеш келет.

Ошондой эле, район башчысы «Жал Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Аскар Турусбеков менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эпидемиологиялык абал начарлап, күндүзгү стационарлар ишке кирсе, кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Эске салсак, бул ассоциация COVID 19тун экинчи толкуну учурунда муниципалитетке олуттуу колдоо көрсөткөн.