16-июндан 18-июнга чейин Свердлов районунун акимиаты балдар эмгегин колдонулушун аныктоо боюнча рейд өткөрдү.

Текшерүү муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борбору жана Свердлов районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Инспекторлор "Ак-Эмир", "Чынар", "Улар", "Таалай" кичи базарларынын, "Дордой", "Аламүдүн", "Медина" базарларынын, "Дордой-Плаза", ЦУМ "Айчүрөк",  соода борборлорун аймагын толугу менен айланып текшеришти, борбордук мечит, Москва, Гоголь, Осмонкул көчөлөрүндөгү мечиттер, ошондой эле сейил бактар, компьютердик клубдар жана коомдук дагы жайлар текшерилди.

Текшерүүнүн натыйжасында иштеп жаткан 32 өспүрүм, ата-энелерине жардам берген 7 жашы жете элек өспүрүм жана кайырчылык менен алектенген 8 жашы жете элек өспүрүм аныкталды.

18 жашы жете элек өспүрүмдөр Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Анын ичинен эки өспүрүм Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу борборуна, 8 жашы жете элек өспүрүм “Айданек” реинтеграция борборуна, 2 жашы жете элек өспүрүм үй-бүлөлөрдү жана балдарды реабилитациялоо боюнча адистештирилген борборго жеткирилди, ал эми калган 6 өспүрүм ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кайтарылды.

Рейддин жүрүшүндө аныкталган бардык жашы жете электер жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен балдарды жумушка тартууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сиз балдарды тарбиялоо, багуу жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуусуз, балдар эмгегин эң начар көрүнүштө колдонууга тыюу салынат!

Эгерде сиз балдардын зордук-зомбулугуна же баланын кайыр сурап жүргөнүнө күбө болсоңуздар токтоосуз түрдө милицияга 102ге жана бизге кайрылсаңыздар, райондордогу үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрү:
- Октябрь району: 510375;
- Ленин району: 883899;
- Свердлов району: 530576;
- Биринчи май району: 670386.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.