Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча узундугу 39,5 км болгон 35 көчөдөгү жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат, алар ноябрь айынын аягына чейин этап-этабы менен пайдаланууга берилет.
Асфальт-бетондун төмөнкү жана жогорку катмарын төшөө жалпы узундугу 13,2 км болгон көчөлөрдө жүргүзүлүудө:
- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
- Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Карадарья көчөсүнө чейин;
- Көкчөтай көчөсү М.Ганди көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
- Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн “Ак-Ордо” жаңы конушундагы темир жол өтмөгүнө чейин;
- Стадион көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн “Ынтымак” жаңы конушундагы Магистрал көчөсүнө чейин;
- Фере көчөсү Т.Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- Будённый көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн “Ак-Тилек” жаңы конушундагы Дзержинский көчөсүнө чейин.
Жалпы узундугу 2,5 чакырым болгон көчөлөрдө унаа өтүүчү бөлүгүндө асфальт-бетон төшөмү бүткөрүлдү: Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин, Омур көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин (түндүк тарабы), "Мурас-Ордо" конушунун кире бериши "Озерное айылынан жаңы конушка чейин.
19 көчөдө асфальт-бетон төшөлмөлөрүн төшөө үчүн жерди даярдоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында 70,87 чакырымга созулган 60 жолду реконструкциялоо, аянты 630,000 квадрат метр жол катмарын жаңыртуу, болжол менен 130 км тротуарларды куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу пландаштырылууда.
2021-жылга куруу иштери 44 көчөдө, ал эми 16 көчөдө 2022-жылга пландаштырылган.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында 5 көпүрө куруу пландаштырылууда:
- Сухэ-Батор көчөсү боюнча Түштүк Чоң Чуй каналы аркылуу көпүрө;
- Архитектор көчөсү боюнча Кичи Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө;
- Аламүдүн дарыясы боюнча “Эне-Сай” жаңы конушундагы Гидрокуруучулар көчөсү аркылуу өтүүчү көпүрө;
- Панфилов көчөсү боюнча Түштүк Чоң Чуй каналы аркылуу көпүрө (2021-2022);
- Манас проспектиси боюнча Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө (2021-2022).
Урматтуу шаардыктар! Жүргүзүлүп жаткан жол жумуштарына түшүнүү менен мамиле жасап, маршрутуңузду алдын-ала пландаштырууну өтүнөбүз.