Ленин районунун “Ак-Ордо” жаңы конушунун Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине стела орнотулду. Мындан ары ал турак жаңы конуштун өзгөчөлүгүнө айланат.
Коомдук мейкиндикти жакшыртуу боюнча "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери иштешти.
Кызматкерлер, бийиктиги 8 метр болгон стеланы жана өлчөмдүү тамгаларды өз колдору менен жасашты.
Ал толугу менен гранит менен капталган, түзүлүшү тоо түрүндө жасалган. Кол менен жасалган отургучтар орнотулуп, көп жылдык ийне жалбырактуу талдар отургузулуп, таман таш төшөлүп, газон себилди.
Бардык жасалгалоо элементтери түнкүсүн светодиоддук тилкелер жана прожекторлор менен жарыктандырылат.
Белгилей кетсек, бардык орнотулган отургучтар, сырткы жарык берүүчү мамылар ишкананын цехинде жасалган.