Борбор калаадагы санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу борбор калаанын мэриясы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөттү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосу менен Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынынын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоону улантууда.

Күн сайын бир каттам аяктаган учурда автобустар менен троллейбустар ар тараптуу тазаланып, дезинфекцияланат: кармагычтар, отургуч туткалары, руль жана кире бериш эшиктер 1% хлорамин эритмеси менен тазаланат.

Бардык коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат жана улантылат.

Белгилей кетсек, айдоочулар күн сайын кылдат медициналык текшерүүдөн өтүп турушат, температура жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери байкалгандар, каттамга чыгарылбайт.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспортто бара жатканда, беткап кийип жүрүүгө, кармагычтарга,  тыйын жана кагаз акчаны кармагандан кийин бактерияга каршы салфеткаларды колдонууну жана колуңузду самын менен жууганды унутпаңыз. Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!